жөнүндө

китептерде 13 жолу, 3 китепте
  1. Бирөө же бир нерсе тууралуу сөз болгондо, кандайдыр бир нерсеге, ишке, аракетке ж.б. карата айтылганда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күлчоро чыкты эшикке, / Канчоро жүргөн эшикте, / Булардын кебин укпады, / Канчорону киргизди, / Катын алуу жөнүндө, / Канчалык сөздү тийгизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирок бул жөнүндө мен жаңылганымды кийин билдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул жөнүндө менин бир адисим бар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол замат он эки капкасынан тең Зыйфырым дын бир жолу сүйлөгөндүгү жөнүндө кабар берилет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ошол замат кандын кызынын үч жолу тең сүйлөгөндүгү жөнүндө шаардын капкасына чейин кабар угулуп, Зыйфырым баягы убадасы боюнча жигитке тиймек болду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →