жөндүү

китептерде 3 жолу
  1. Ылайыктуу, орундуу, жүйөлүү, негиздүү, жөнү бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эшикке чыгып эсиркеп, / Накылай анда мындай дейт: / — Байбичеден баш булгап, / Бастырмагы кыйын кеп, / Баштагысы бир жөндүү, / Маа жолобойт быйыл, — дейт, / Бастырып андан кеткени, / Карабөрктүн үйүнө, / Хан Алмамбет жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайран катын Каныкей, / “Керегем сага кеп айтам, / Келиним уксун деп айтам, / Уугум сага кеп айтам, / Уулум уксун деп айтат,” / Как ушунун сыңары, / Ой чыгарып туйгузду, / Чыйырдыга айткансып, / Калгандарга угузду, / Кулакка жаккан жөндүү сөз, / Үндөбөй тыңшап турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Жөндүү ишке жон тос” — дейт, / Жүйөдөн торго чалынттың, / “Кызы бардын назы бар” / Канча болсо көтөрөм, / Тилдемек тургай урсаң да, / Дагы эле салам кадырым, / Десең да мейли көк жашык, / Тууган үчүн жана эле, / Түгөнбөйт менин сабырым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →