жөн-жай

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Ар кандай шарт, ал-абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыланды жейт көрбөгөн, / Заар ичет билбеген, / Шол сыңары көп элден, / Билбей калган жөн-жайын, / Келген элдер эт жеген / Айчүрөк жалгыз бир үйдө, / Каныкей, Бакай бир жерде, / Канчоро, Кыйаз биригип, / Чоң кеңеште бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара дөөгө Кутубай: / — Ой, чунагым бери кел, / Сага айтар кебим бар, / Той берген менен Кыйаздын, / Баласынан шеги бар, / Үчкө бала чыккынча, / Той бербей да ат койбой, / Жүргөнүнүн теги бар, / Бул иштердин жөн-жайын, / Менден угуп билип ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Карчыганы издеп жүргөн Жагалым тиги баланын сөзүн угуп балага келет, баладан жөн-жай сурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Келиндин жөн-жайын сураса, ал: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →