жөлөңкө

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Таяныч катарында тирелип коюлган же орнотулган жөлөк, тирелип коюлган таяныч.
  2. Негизги кыркага келип тирелген дөңсөөчө, узатасынан кеткен кырлуу дөбөчө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир жагында көп айыл, / Байкады муну жаш балдар, / Тигилүү катар үч үйгө, / Эртеден – кечке жан барбай, / Короонун аркы четинде, / Жөлөңкө тартып төш жакка, / Олтурган анда бирөө бар, / Чоңдугу опсуз көрүндү, / Жүрөгү жок жан көрсө, / Ошол жерде алгындай, / Мойнуна жакын өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаш өмүрү карыптыр, / Ажаттын бойу ойдуңда, / Кандай уйуп катыптыр, / Жөлөнкө төштүн баарынан, / Жыбылжып кандар агыптыр, / Кыргыз кытай жан тосуп, / Каптап келсе жолгошуп, / Бирин-бири бастырбай, / Жүргөн экен эки жак, / Кетер жагын тор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жөлөңкөгө чалкалап, / Көк шиберге жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жөлөңкөнү бастырып, / Бото мойнок бел экен, / Караанын көрүп баланын, / Жактырып турган жер экен, / Кайкайып Талас жык толуп, / Карап турган эл экен, / Кыжы-кыйма кыжылдап, / Кыз-келиндин кени экен, / Кара кашка мингени, / Кай тулпардан кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Карап туруп Абыке, / Ээрдин тиштеп баш чайкап, / Карарып көздөр тумандап: / — Жүр Байтерек, жүрү, — деп, / Жөлөнкө тартып дүмүңдөп, / Беш тулпарды жетелеп, / Минген тулпар жалаңдап, / Ойгонуп кетип Сомбилек, / Аттарды тартып алат, деп, / Маңдайда көзү алаңдап, / Алды-аркасы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →