жөлөк

китептерде 50 жолу, 8 китепте жөлөк (2) →
  1. Бир нерсени жөлөп туруу үчүн колдонулуучу тирөөч устун, түркүк.
  2. өт. Күч-кубат, дем берүүчү, жардам берип көтөрмөлөөчү, таяныч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Иран менен Багдаттык, / Көз каранды болуптур, / Жеңилгенге жөлөк деп, / Калыс атка конуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Жөлөк болуп зоройду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жөлөгү жок багарга, / Өбөктөгөн чалдарды, / Чакыртып келди андайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кандай кылсаң, андай кыл, / Өлгүчө сени колдогон, / Хан Кыйаз болсо жөлөгүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Билгизбей уурдап акылды, / Айла кылып салдыбы, / Таласына барбайын, / Жөлөк болор өзүмө, / Тууганымды табайын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →