жөжө
- Тооктун же башка канаттуулардын балапаны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ч, / Чылбырлап кетип баратат, / Жети менен сегиздин, / Ортосунда бала жаш: / Эки үзөңгү алдында, / Эки түгөй сур бөжөк, / Кулагын тиктеп жапырып, / Кетип барат жөжөңдөп, / Бөжөң-бөжөң желишип, / Бөлөкчө сонун келишип, / Көрүп турган кыргыздар, / Бир-бирине туйгузбай, / Баабедин айтып ийишип: / Кызыл чаар жуп жолборс, / Жолукка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →