жүрөктүү
- Коркунучтан, кыйынчылыктан баш тартпаган, коркпогон, баатыр, кайраттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр жүрөктүү Энтери, / Бөлүнгөн жери эл чети, / Сайышка эчен жол чыгып, / Машы чыккан эмеспи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мингениң буудан Көктеке, / Жүрөктүү эле эркекче, / Жалтайгансып үркчү эмес, / Жолборсту беттеп чуу десе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Астына бакта май төшөп, / Арбак конор бекен деп, / Куйругуна май төшөп, / Курч жүрөктүү болсун деп, / Казы ээритип жал берип, / Кайратына толсун деп, / Капакка салган бал берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Он бештеги Сомбилек, / Жаш жүрөктүү жел билек, / Оозуна алып Манасты, / Артынан чаңын бургутуп, / Алдынан тосо баратты, / Көрүнүп көргө элестеп, / Колдоочусу Сомбилек, / Коромжуну жадатты, / Карматмак болду Сомбилек, / Бакдөөлөттөй баатырды, / Сайып алчу адатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →