жүрөк2

китептерде 602 жолу, 10 китепте жүрөк 1 →
  1. аңч. Жездин мистон отургузуучу түбүндөгү уюгу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ча, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ал экөөнү көргөндө, / Ар неме ойлоп ичинде, / Алып учуп желдеди, / Тынчтык бир дем бербеди: / “Атам душман болоордо, / Так ушундай бир белги, / Көрдүм эле мен – деди, / Кытайдын чети күн чыгыш, / Кара жүз каапыр эл – деди, / Уккан жерде жүрөгүм, / Тийгендей камчы зилдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →