жүрүш
- Унаанын желе жүргөн, бир аз жорголой жүргөн ылдам басыгы.
- Транспорттун жүрүү абалындагы ылдамдыгы, ар кандай машинанын, аппараттын кыймылда болуу, иштеп туруу абалы.
- Кандайдыр бир иштин, аракеттин аткарылуу процесси, жүзөгө ашуу абалы.
- Кандайдыр бир максатта массалык түрдө жапырт бет алып жөнөөчүлүк, экскурсия жасоо же туристтик максаттарда жөө жөнөгөн сапар, көбүнчө жөө жүрүү мүнөзүндө өткөрүлүүчү спорттук мелдеш.
- Ар түрдүү оюндарда: карта, шахмат ж.б. оюнчулардын бири-бирине кезектүү жооп кайтарган аракети.
- Адамдын өзүн өзү алып жүрүү нормалары, жүрүм-турум.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сен шибенин ханы Йобалы, / Мен каракыргыз Бактыбай, / Урушса өзү урушпай, / Жоолашса өзү жоолашпай, / Ооган менен испанды, / Кангайдагы беш ханды, / Айдап жүрүш ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элөөрүп элди башкарып, / Эмгекке салып кырылтып, / Антип жүрүш ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Этектерин түрүшүп, / Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, / Күнү-түнү дем албай, / Так ушундай жүрүшүп, / Күнү түнгө уланып, / Түнү күнгө айланып, / Жана тийип күн жарып, / Алмамбет менен Борончу, / Азыктанбай дем албай, / Кайра минди бул экөө, / Аттарына жармашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туулга кийбей малакай, / Күрөөкө кийбей чапанчан, / Сур ат минген эр келет, / Жүрүшүн байкап караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы көпкө, багып жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →