жүр

китептерде 4017 жолу, 10 китепте
  1. Бир жакты көздөй басуу, кадам шилтөө, багыт алуу, бастырып чыгуу, транспорт менен жөнөө, сапар тартуу, жолдо болуу.
  2. Барууга, бирге жөнөөгө ж.б. чакыруу иретинде колдонулат.
  3. Кандайдыр бир жерде болуу, туруу, жашоо.
  4. Иштелүү, аткаруу процессинде болуу.
  5. Бирөөгө жалданып иш иштөө, жалданып жумуш кылуу.
  6. Бир нерсенин ордун алмаштыруу, ага барабар келүү, анын ордуна колдонулуу.
  7. Транспорт, механизмдер ж.б. кыймылга келүү, иштөө.
  8. Суу, жаан, сел ж.б. каптоо, катуу агуу.
  9. Агымда болуу, согуп туруу.
  10. Көңүлү жакын болуу.
  11. Шахмат, шашка, тогуз кумалак, карта ж.б. оюндарында фигураларды жылдыруу, оюнга аралашып жүрүшкө ылайык жооп берүү, жооп кайтаруу.
  12. Белгилүү бир абалда, жагдайда, жүрүш-турушта болуу.
  13. Бар болуу, болуу.
  14. Көмөкчү этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Короодон кетпес мал экен, / Кардыгач минип жүрсө, деп, / Көөнүмө кетип калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →