жүнсүз

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Жүнү жок, жүнү кыркылган.
  2. Жүндү аз берген, жүнү коюу эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алкылдаган аргымак, / Жылаңач жүнсүз тобурчак, / Булуттан күлүк буудандар, / Асыл жылкы кыргызда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Индинин эли жете албайт, / Жылкысы жүнсүз бүт делбе, / Сыртка келсе кырылат, / Кайта үйүнө кете албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Койнунан колун чыгарбай, / Кооп барып сийе албай, / Көңүлдөрү кир болсун, / Түрөгөй чалыш жүнсүз мал, / Оогандыктын аттары, / Тоңуп өлүп жоголсун, / Кар жамынган корумдай, / Ар кай жерде торойсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аза-бата деп келген, / Алоолонгон аргымак, / Жүнсүз нечен тобурчак, / Айгыр жалдуу, бээ курсак, / Мындайлардан байланды, / Качкы кууган жоргодон, / Жыртылбаган торко тон, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Төө таманын ойултуп, / Күн-түнү жок тарттырып, / Жетисуу жете барамын, / Таластыктын жылкысы, / Жүнсүз баары тобурчак, / Түрөгөй чалыш аргымак, / Бардыгы күлүк, түрс айак, / Семетейден ала албай, / Мен келгемин ушул жак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →