жүндүү
- Жүнү бар, жүнү калың, жүнү көп.
- Түктүү, түк каптаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолборс келет чакчаңдап, / Шерлер келет сапсаңдап, / Баштары жүндүү саксаңдап; / Айуу келет апсайып, / Тууралжын болуп балчайып; / Бууралар келет куркулдап, / Оозунан көбүк бартулдап; / Пилдер келет колтоңдоп, / Куйруктары чолт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…салынган, / Жал-куйругу түпөктөй, / Сулуулугун карасаң, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Тумшугуна карасаң, / Сынга тарткан күбөктөй, / Аккуланын иниси, / Макмал жүндүү аркар сын, / Сарала менен он сегиз, / Баары буудан теп-тегиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Уй куймулчак Сарала, / Макмал жүндүү мал экен, / Үстүндөгү мингени, / Падыша чени бар экен, / Өңкөй мүчө келишкен, / Эки далы кең экен, / Өнөрдүн өз кени экен, / Көрүнүп турат келбети, / Көй кашканын бири экен, / Баштан айак чыр экен, / Башкача элден тың экен, / Башташаар болсоң сен келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Алдында бир кендир ычкыры бар, жүндүү, тери шым жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →