жүн
- Айбандардын, канаттуулардын бүт денесин каптап туруучу, адамдардын денесине аздап чыгуучу ичке жипче сыяктуу майда түктөрдүн жалпы наамы.
- Ак жибектей кере карыш жүндөрү, Аппак, кара жүндөрүнүн түрлөрү (Осмонкул).
- Малдын, асыресе кой-эчкинин ар кандай кездемелер токуу, тиричиликте керектөө, өндүрүштө иштетүү ж.б. максаттарда пайдалануу үчүн кыркып алынуучу түгү.
- Ушундай материалдын негизинде жасалган буюмдарды билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыгы жайдын күнүндөй, / Бетинен чыккан сары түк, / Өгүз, айуу жүнүндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…экөө, / Ачык жолу шар болуп, / Эр азамат кармачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп, / Таноолордон буу чыгып, / Бетинен сары жүн чыгып, / Азуулары кычырап, / Куйкалары курушат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өзү төөнүн жүнүнөн, / Өз үйүндө тигилген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →