жүлүн
- Адамдардын, жаныбарлардын борбордук баш мээсине туташып моюн, арка омурткаларынын көңдөйүнөн орун алган мээ сыяктуу заты бар нерв системасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүрөгүн найза аралап, / Жүлүндөн чыкты жаралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн-түн жүрсөң кетерсиң, / Каныкейге жетерсиң, / Көрөр күн болсо ичер суу, / Бир сакайар бекенсиң, / Кокустан болсо окуйа, / Кулак салгын ушуга – / Айткан күндө жетпесең, / Жүлүнүң чирип үзүлөр, / Көрүүчү күнүң бүтүрөр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куба жүлүн жаш бала, / Кай калаага барасың, / Кандай курган баласың, / Ал-жайыңды айта кой, / Арманда өлүп каласың, / Аралап кирсең өлөсүң, / Атайын кордук көрөсүң, / Жогуңду айтып байан кыл, / Кайсы жакта жүрөсүң, / Адеби жок жаш бала, / Хандын кызы жаныңда, / Кыткылыктап күлөсүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жүрөктү кечкен аралап, / Жүлүнгө тийген жаралап, / Карап көрсө Калдуубет, / Кеп угарга чама аз, / Чоң Ойроттон адашпай, / Калдуубет кетти караандаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →