жүйөсүз
- Орундуу эмес, негизи жок, жүйөлүү эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кесириң болсо көрөйүн, / Элди алдап бүлдүргөн, / Сен кептенген немени, / Өлтүрүп таштап жөнөйүн, / Каргышың жетсе, олуйа, / Ажалым жетсе өлөйүн, / «Жүйөлүү каргыш тийет деп, / Жүйөсүз каргыш ээсине» / Карылардын кеби экен, / Жалган-чынын билейин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жүйөлүү жигит сен эмес, / Жүйөсүз байкуш мен эмес, / Тең кишиче кеп кылып, / Темтеңдешиң эп эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →