жүйөлүү

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Далилдүү, негиздүү, жөндүү жүйөсү бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Шермат хан такка конголу, / Сен вазири болголу, / Канча жыл болду болжолу, / Кененим калыс өзгөчө, / Жүйөлүү сөздөн козгоду, / Вазир кебин баштады: / — Өлүп кеткен Шермат хан, / Жыйырма үч жыл хан болду, / Мен вазири болголу, / Быйыл он бир жыл болду, / Беш атадан бер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жүйөлүү жигит сен эмес, / Жүйөсүз байкуш мен эмес, / Тең кишиче кеп кылып, / Темтеңдешиң эп эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылыч тартар иш барбы, / Кеп болсо эми айтыңыз, - / Жүйөлүү сөздү укканда, / Унчукпай Манас токтолуп, / Ошондо Алмаң дагы айтты, / Зардабы анын козголуп: / — Качкан болуп шум Калча, / Азгаштырып бир канча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тартак деген бар экен, / Таанымалы ал экен, / Таарынчы айтты көп эле: / “Хан башың менен калдаңдап, / Өзүң мурда чыгасың, / Барууну айтпай бизге” деп, / Жүйөлүү кепти көп айтты, / Айагында бир кеби, / Жүрөгүмдү муздатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кары катуу эл деген, / Намысын колдон бербеген, / Жаман айтпай бирөөнү, / Мунайым сүйлөп жүйөлүү, / Адамдык кепке сындырган, / Айыгыштан адамга, / Арылгыс жаман шор кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →