жүзүм
- Чырмалып өсүп чыгуучу мөмөлүү бадал өсүмдүк.
- Ушул өсүмдүктүн мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “ – деп, / Басып Торгой чыгыптыр, / Көпчүлүктү мейли деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…өбөсүндө өткөрүп, / Ашпоздорду белендеп, / «Аа- аалашып» элеңдеп, / Тизелери бүгүлүп, / Бөйбөңдөшүп жүгүрүп, / Аш-тамагын жай берип, / Албан-албан чай берип, / Жүзүмдөй тартып жетилткен, / Кызыл арак да берип, / Карын-курсак тойгондо, / Дасторконду жыйганда: / — Кана балам Ажыбай, / Өңүң сары бөлүнүп, / Аттан жароо көрүнүп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кумарың канат сеники, / Кубарат жүзүм меники, / Кандыбы кумары эрден?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сымбаттуу тууган Тынымкан, / Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, / Көрктүү сулуу Урумкан, / Мурунку көп сулуудан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →