жүздөн

китептерде 44 жолу, 7 китепте
  1. Кандайдыр бир өң-түскө окшош, бирөөнүн өңүндөй көрүнүү, өңдөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…дан жем жеген, / Умтулганын узатпас, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Ак жолборстой сүрдөнүп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Муруттары бириндеп, / Жүзүн көргөн адамзат, / Бүткөн бойу дирилдеп, / Мас болгон нардай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Орто-карта баатырдын, / Сийди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элкин башым жүргөмүн, / Нечен жоого тийгемин, / Ырас чыным келгенде, / Жүздөндү кырып ийгемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Кенендин, / Кебетесин байкады, / Күүгүмдөгү устадай, / Өңү күүгүм сурданып, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Мурутуна муз тоңуп, / Кабагынан кары жаап, / Жаалы чыгып бетинен, / Жалын чыгып көзүнөн, / Көргөн адам айбыгат, / Келе жаткан түрүнөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бет алдынан караса, / Көзүнөн жалын учкундап, / Чакмак таштай жылтылдап, / Майлаган буудай жүздөнөт, / Күүгүм туман көздөнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →