жүдөмүш

китептерде 1 жолу
  1. Жүдөө, жүүнү бош, чүнчүгөн, кебете-кешпири кеткен, начар, жүдөө, жүдөңкү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чат калкылдап, / Ителгиси баркылдап, / Карагай, кайың талында, / Терек, чынар - баарында, / Куш отурат закыйып, / Төө куйрукту кучактап, / Үкү жатат бакыйып, / Жүдөмүш деген канаттуу, / Жүндөрү узун саксайып, / Көрккө түшүп көргүн деп, / Бүркүттөр турат далдайып, / Көп жандар бар ал жерде, / Көзү жыртак акыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →