жүгөндө

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Атка жүгөн катуу, жүгөн кийгизүү.
  2. өт. Баш ийдирүү, кызмат кылдыруу, моюн сундуруу, багынтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он экиде ал калды, / Мен жеримен качканда, / Акими качкан арам деп, / Ханы качкан караан деп, / Төрөсү качкан төмөн деп, / Мында кыйла күмөн деп, / Бириң качып, бириң өл, / Мына минтип түгөн деп,, / Эр Кыйаз деген инимди, / Эрдинен көсөп жырылтып, / Эсепсиз кыйнап өлтүрдү, / Эркине койбой жүгөндөп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүгөндө чеге беш кадак, / Үзөңгү күмүш баары аппак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аттан бетер жүгөндөп, / Өз белине таңыптыр, / Уйдун мурдун танаптап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →