жүгүрүк
- Өтө тез чуркаган, ылдам, күлүк.
- Куутка мыкты (кочкор, текеге карата).
- Жүгүрүү, чуркоо сапаты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп чакырып, / Кумалагын чачышып, / Тиз бербейм деп качышып, / Байымды жедим ат алып, / Бол камын, деп шаштырып, / Чатыраш менен чакмакташ, / Жип катмай, чычкан жүгүрүк, / Дымбырдым боло калышып, / Ойноп жатат кутуруп, / Каныкей кире маңкайып, / Ойуна кедин кыстарып, / Мындай деди тапшырып: / — Эки жигит аттанып, / Суусамырдын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир айтканда күлдүрөм, / Бир айтканда күйдүрөм, / Жүрөгүңдү ар күнү, / Жүгүрүк сөзгө тилдирем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →