жүгүр
- Ылдамдап тез-тез кадам шилтөө, ылдамдаган арыш таштоо, чуркоо.
- Ашыккан, шашылган аракетте болуу.
- Кыймылга келип жүрүп турган, тегеренип чимирилген абалда болуу.
- Таралуу, жайылуу.
- Кой-эчкинин, кайберендердин эркеги ургаачысын кууп уруктандыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашып- шашып ашпаздар, / Аш -тамагын белендеп, / Жүгүрүшүп дереңдеп, / Алты күн өттү арадан, / Тура калып Талана, / Ашырбай жеди тамактан, / Дайардын баарын жеп болуп, / Аттанып чыкты айылдан, / Тармалкөк менен зоңкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жабылып желдет жүгүрдү, / Сынчыбек жандан түңүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →