жүгүн

китептерде 102 жолу, 10 китепте
  1. Күйөөсүнөн улуу тууган-туушкан, жек-жаат адамдарды биринчи жолу көргөндө жаңы келген келин эки колун бооруна алып, белин бүгүп эңкейип, башын ийип ызаттоо белгисин көрсөтүү.
  2. Даражалуу, өзүнөн улуу адамдарга ийилип салам берип ызаттоо, урматтоо, таазим кылуу.
  3. Кошомат кылуу, жагынуу, кечирим суроо, бөйпөңдөө, баш ийип, кулдук кылуу.
  4. Бак-дарак, өсүмдүктөр башын ие ыргалуу, термелүү, ийилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ханы өлүп эл калса, / Саадагын салып мойнуна, / Кол куушуруп тизелеп, / Бир жүгүнүп кутулат, / Кара аскер өлүп хан калса, / Калкынан жана кычырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтыра… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Болот, Бакай, болот, — деп, / Борсулдап Кошой күлдү эле, / Кол куушуруп Каныкей, / Жүгүнүп карап кирди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каркылдап Бакай башында, / Каныкей турат кашында, / Эки колу бүгүлүп, / Абасына жүгүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анын жүгүн бөлүшүп көтөрүп алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →