жыш2
- Ныктай басып сүрүү, ышкып сүргүлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н барды миң мерген, / Шибеден барды миң мерген, / Солон менен манжудан, / Мындан барды көп мерген, / Аш көрөм деп келгендер, / Калганы жок келбеген, / Мылтыгын жышып октогон, / Милтесин кызыл чоктогон, / Жалгыз кара бир башы, / Миң кишини токтоткон, / Жалгыз кылды жараткан, / Канчасы келди андайдан,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үзгүлтүк эмес жыш айыл, / Аз айыл эмес көп айыл, / Абай кылып байкасаң, / Көрүнүп турат дапдайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үйдүн ичин караса, / Үйтүгүндөй орноткон, / Такыр – мык экен, / Аркасы – алды, капталы – / Баары ошондой жыш экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Токсончо түтүн кишикен, / Топтошуп айыл жыш экен, / Токсончо дөбөт ажылдап, / Тоокүрөңдү такымдап, / Тегеректеп турду эле, / Толорсуктап жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыл менен ичин жышыды, / Ичин майлап түзөдү, / Колу менен сүрдү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →