жыттан
- Жыт чыгаруу, жыты билинүү, жыт берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүлдү жерге самсаалап, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чөптүн баары чыгыптыр, / Жыпардай жыты жыттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бүгүн да бар булардын, / Жүрөгүндө арамдык, / Булар чыгып бийиктен, / Түздөгү элди карашып, / Сомбилек, Ойрот – эки дөө, / Бирин –бири марашып, / Кан кумары айбандар, / Балбандары бук болду, / Жин жыттанып, бок сасып, / Кан төгүлөр чак болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эми мен адамзат жыттанып калдым.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →