жыт
- Жыттоо, искөө сезимине жагымдуу же жагымсыз таасир этип, ошондой сезим аркылуу байкалуучу заттын өзгөчөлүк касиети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Перенжемди башымдан, / Алып таштап киремин, / Кыргыздар тартпайт перенже, / Айылдаш жүргөм билемин, / Жолумду ачса кудайым, / Алты жыл болду сагындым, / Эрдин жытын, Беттибет, / Бекбачага тийейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атырдай жыты буруксуп, / Адамды алдайт шум дүйнө, / Алтын алып, мал алып, / Ажалга калды бул күндө, / Жалгандыгын билгизбей, / Шектендирди бул күндө, / Биз баашабыз деп келген, / Коргондон башка шаары жок, / Коркот деп бизден кыргыздар, / Жалгандыгы дүйнөнүн, / Жалдыратат ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арстан кеткен күнүндө, / Айылга кайра келди эле, / Сыргактын аты Телкызыл, / Аккула жытын алыптыр, / Көктекеге көрүнбөй, / Бөксөгө кетип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөптүн баары чыгыптыр, / Жыпардай жыты жыттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →