жыртак
- Көздүн эттери кызарып чыга жылаңачтанган, жыртайган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Үкү жатат бакыйып, / Жүдөмүш деген канаттуу, / Жүндөрү узун саксайып, / Көрккө түшүп көргүн деп, / Бүркүттөр турат далдайып, / Көп жандар бар ал жерде, / Көзү жыртак акыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүз кубулуп кылчакташ, / Түлкү болуп бултакташ, / Ашырып сүйлөп эр макташ, / Чала күлүп ырсакташ, / Жалооруп жалган жыртакташ, / Ичинде бүгүп кир сакташ, / Оозу менен оң айтыш, / Билгизбей туруп сыр тартыш, / Арбын билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Казан-аяк жагында бир эрди шалпайган, жыртак көз катын отурган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →