жырт
- Бөлө айруу, бөлөк-бөлөк кылып айрып тытуу.
- Сүзүлүп, эскирип айрылган, бүтүндүгүн жоготкон, жыртылган абалга чейин жеткирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…луп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетиш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган немедей, / Жерди жыртып салышты, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Салып жетип барышты: / — Шер Сейитек, Сары бай, / Салыштыңар үч күнү, / Чалыкпай да, талыкпай, / Эп келди турган биздерге,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Олпоктун баары кырчылып, / Ок өтпөс тондор жыртылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →