жыргалдуу

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Жыргалга баткан, убайымсыз, жыргалчылык болгон, ыракаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ногойдун эли калбады, / Теке түрк калбай барганы, / Жыргалдуу Кеңкол, Таласта, / Жыргап жаткан кыргыздар, / Үйүн тикти белендеп, / Чакырган эл келер, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылдыз да бар, күн да бар, / Жыргалдуу дүйнө кайда бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыргалдуу киши кептенип, / Жылжыган саздан каз уулап, / Жайдак атчан, жалаң тон, / Жалгыз жүргөн сен кимсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жыргалдуу эли кыргыздын, / Ар кайсы жерде той болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошентип кайрадан эл жыргалдуу турмушта жашап калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →