жыргал
- Жан жыргаткан, көңүл көтөргөн бейпилдик, кеңчилик, ыракат, жыргаган сонун турмуш, убайымсыз куунак көңүл.
- Таандык м. менен: жыргалым. Көңүл сезимин, жакшы көргөндүгүн билдирүүдө, эркелеткенде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл жыргаса жыргасын, / Эмгегин тарткан элимдин, / Жыргалын көрсүн кара журт, / Эл башкарган эринин, / Ой, Орунбай ойлоп көр, / Эсири болсо кебимдин, / Аксакалдуу карың ук, / Айал-эркек – баарың ук, / Абайлап уккун айалдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
бир тоо бар, / Аны көрүп алыстан, / Муну алды ойуна ал: / “Үйүмдө турбай ойдолоп, / Өзөн жарып тоо бойлоп, / Ойноп жүргөн Бейжиндин, / Учуучу тоосу жок эле, / Жыргалын көргөн Бейжиндин, / Жылуучу тоосу жок эле”.- / Тообу десе дөбөдөй, / Алмамбет абдан байкаса, / Тоо да эмес, дөбө эмес, / Кытайдан чыккан төрөдөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ат жетээр жерде жан калбай, / Келип-кетип топтошуп, / Семетей менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Кыргыздар жетти жыргалга, / Мурункуга окшошуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жыргалга баткан кыргыздар, / Айылчылап сыйлашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда суу ичип, жыргалда жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →