жыпылда
- Өтө тез кыймылдоо, элпек, жеңил кыймыл-аракетте болуу.
- Кишинин ичи койнуна кирген лепилдеген мамиле жасоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жана сонун жана бар, / Сойлоп барат жыпылдап, / Түргөн чийдей ажыдаар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жыландай сойлоп жыпылдап, / Таңкы желдей зырылдап, / Туйагы тийген кара таш, / Топурактай быркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Сагызганы шакылдап, / Желип жүрөт карышкыр, / Оозун ачып акылдап, / Кыргыйек учуп жем үчүн, / Жар кылаалап зыпылдап, / Карчыга учуп бөксөлөп, / Көзгө илинбей жыпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →