жынжыр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. диал. Чынжыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лаа-талаа жарылып, / Торгой көз темир бадана / Далдал болуп жыртылып, / Ок өтпөс буулум олпоктор, / Туш-тушунан кырчылып, / Жака-жеңи бурчулуп, / Белиңде темир жынжырлар, / Туурасынан үзүлүп, / Бүтүн калбай кийимдер, / Кармаган жерден бүчүлөп, / Найзаларын баатырлар, / Кара ташка түйрөшүп, / Күңгүрөнүп түр чыгып, / Көргөнгө баш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ороосун сыйрып ачтырып, / Эгеген кызыл алтындан, / Эби менен буу берип, / Күнгө койду астырып, / Сары алтындан жынжыр боо, / Алты кабат тактырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Кырк балбан ондон бөлүнүп, / Ортобузга алалы, / Опсуз балбан неме экен, / Ойрон кылып салалы”, / Дешип кеңеш кеп салып, / Ону жынжыр тор алып, / Ону мылтык ок салып, / Ону кылыч курч алып, / Ону чокмор колго алып, / Араңарды ачпа, — деп, / Ажалдан коркуп качпа, деп, / Аскердин барын бекемдеп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Буттап темир курчанган, / Жан айашпай ал экөө, / Белиндеги жынжырдан, / Былкылдатпай кармашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ «Өлүгүн алып кетет — деп, / Абакем сөөгүн көрсүн — деп, / Жалгызынан айрылды, / Көңүлү сууп калсын» — деп, — / Белине бекем камынып, / Жынжырдан кемер курчанган, / Аткый кармап Гүлчоро, / Сур аттын артып жалына, / Камчы берип санына, / Калмактардан, чогуудан, / Алып чыкты Гулчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →