жымыңда

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Кубанычтуу күлмүңдөө, жылмая күлүмсүрөө, жымың-жымың этүү.
  2. Жылт-жылт этүү, бирде өчүп, бирде жылт эте калгандай көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каркылдап суудан каз учуп, / Чакылдап сайрап суучулдук, / Ак мөңгү тоодон суу агып, / Ак көбүктөп бууланып, / Саргарган кези жалбырак, / Көк жашыл тартып нурланып, / Жымыңдап жылдыз жылтылдап, / Балыктар сууда кылтылдап, / Капасы жок жер бети, / Кыз-уулан күлүп шыңкылдап, / Көөдөнүн салып шамалга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…р күнүн нак болжоп, / Көз байланган күүгүмдө, / Элден чыкты бөлүнүп, / Үч Кошой көздөй жөлөнүп, / Таң атып чыкты аңгыча, / Аркасынан сүрүлүп, / Жылдыздын баары жымыңдап, / Кыбыла көздөй сүрдүгүп, / Жандын баары кыбырап, / Жабыла чыкты дүрдүгүп, / Чыгыш жактан кызарып, / Мунарыгы арылып, / Күн көрүндү жаркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үп, / Борошо суук шамалды, / Ооган жакка өткөрүп, / Ортого туман уйутуп, / Шамал салып кыргызга, / Чай кайнамча улутуп, / Бир заматта жел тынып, / Жылдыз чыкты жымыңдап, / Кыргыздан Ооган жак көздөй, / Айаз сокту зырылдап, / Кар катып аппак муз болуп, / Ойдуң жерге кар толуп, / Анча-мынча аң-чөнөк, / Түптүз болуп жоголуп, / Жы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Айткан эле Сомбилек, / Бекбача менин атам, деп, / Калп аралаш кеп айтпай, / Айткан экен чынды” — деп, / Күлүп ийет кээ-кээде, / Көзүн ирмеп жымыңдап, / Баракелде бали деп, / “Манастын уулу Сомбилек, / Сайышып көрдүм болду, — деп, / Өлсөм мейли карганда, / Баатырдын көрбөй сайышын, / Өлгөнчөктү арманда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Асманда таруудай чачылган жылдыздар жымыңдап, караңгы түн кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →