жымылда

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Сыйда, жылмакай, текши абалга келүү, одуракай, бодур-содур болбой жымпыйып тегиз болуп туруу, тигиши, ашташкан, кошулган бириктирилген жери анчалык байкалбай калуу.
  2. Таза, зымырайган абалда, көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кем-керчи жок салынган, / Кураксыздай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Зың-зың этип зымырайт, / Зымдай кылып жымылдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жылгадан суулар жыбылжып, / Күлгөндөй гүлү жыбырап, / Кеңколдун өйүз-бүйүзү, / Караса көзгө жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →