жымсалда

китептерде 1 жолу
  1. Жылма, сыйда кылуу, жылмалоо.
  2. Сөздүн, иштин, окуянын ж.б. одоно, орой, кейиштүү жактарын жумшартып, жылмалап, жымсал кылып көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрүп келдим абаке, / Айкөлүм жарап керекке, / Чыгып бардык бир белге, / Коркунчум менин төрт эле, / Ойлосом ойум өрт эле, / Корккондой бири Макил дөө, / Дагы бирөө Бешкулак, / Арстаным келди жымсалдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →