жымжырттык

китептерде 7 жолу
  1. Мемиреген тынчтык, жымжырт болгон абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жымжырттык баскан момураган жумшак түн. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир калыптагы жымжырттык бузулуп, тезинен бир жаңыдан дүйнөгө кезиксем дегендей болом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушул жерде жалгыз өзүм жымжырттыкта туруп, ойлонуп кетипмин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →