жымжырт

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. Эч үн, дабыш жок, мемиреген тыптынч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Унчукпады калгандар, / Тарап кетип калышты, / Жай-жайына барышты, / Үйүнө барып алганда, / Күбүр-шыбыр сүйлөшүп, / Көп эле кепти салышты, / “Кечилдер шекшип калат” – деп, / Жымжырт болуп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйаздын көөнү кир болду, / Семетейдин уулуна, / Үч жылы атын койбоду, / Кыйазга айла иштеттим, / Балага атты коймокко, / Үч жылдан кийин той болду, / Өзүмө уйкаш ат кой, деп, / Кыйаз айтып токтолду, / Эт бышымча эл жымжырт, / Унчуккан адам жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оң чекеде суусар бөрк, / Жанында бар он беш кыз, / Тынымкан мындай айтканда, / Ач кыйкырык айбат жок, / Жымжыртчылык басканда, / Вазир кызы жөнөдү, / Талаадан кабар тапканга, / Не көрүнсө көзүнө, / Тынымканга айтарга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Айлана жымжырт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эки жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →