жылышта
- Ордунан жылуу, козголуу, акырындап жыла берүү, ооп кетүү.
- Айыга баштоо, жөнүгүү, жакшы боло баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз менен Калдыктын, / Байланып башын албасам, / Качып калса жылыштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качпасын кангай жылыштап, / Тирүү киши чыгарбай, / Башын алгын кылычтап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон, испан кетпесе, / Кезенишип диттесе, / Амал менен урушуп, / Айла кылып тургула, / Туйдурбастан жылыштап, / Таласты карай жылгыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…кырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ободо жылдыз жылыштап, / Айдагандай башбактап, / Чыгыш жактан азайып, / Суйулуп жылдыз баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →