жылчык

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Экинчи тарабын шыкаалап кароого болгудай, шоола же суюктук өтүшү мүмкүн болгон кичине тар тешик же кууш жарака тартып кеткен ачык жер, боштук.
  2. Бош орун, ачык жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арамзада Сулаймат, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Алды аркасын тең байкап, / Баш көтөрүп бир чакта, / Жылчыгы жок кеп айтат: / — Баарың уккун, — деп айтат, / Хандык такта колумда, / Калк башкарып эл бакмак, / Канчалык пикир ойумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейиттен коркуп себеп таап, / Качкан кулдар турбайбы, / Талаадан таап кеп курап, / Жылчыгы жок бек курап, / Картыке карап турбайбы, / Картыкени кармагын, / Эки колун байлагын, / Талга асып жайлагын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн", – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →