жылуу1

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Ысык менен муздактын орто жериндеги температура, жылуулугу бар.
  2. Анчалык ысык эмес, бирок таптакыр сууп да калбаган.
  3. Жылуулукту сактаган, үшүтпөгөн, суук өткөзбөгөн.
  4. өт. Жайлуу, орунтуктуу, жайланышып үйрөнүп калган, көнгөн.
  5. өт. Мээримдүү, ырайымдуу, сүймөнчүлүктүү, жагымдуу, уккулуктуу, жүрөккө жакын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ындап, / Кең майданда Чакмакташ, / Уруш кылып бакылдап, / Майданга барбай Кызылкыз, / Хан Кетиркей алдына, / Келип айтты саламын: / Билбесе да Кетиркей, / Жүзү жылуу адам, — деп, / Дайынын сурап калыптыр: / Кайдан келдиң балам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кишиге кылбай жылуу сөз, / Жалаңгыч атка конгонуң, / Бир арыш элге мен ханмын, / Эби келсе жөн койгун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…стан, / Муну алды ойуна ал: / “Үйүмдө турбай ойдолоп, / Өзөн жарып тоо бойлоп, / Ойноп жүргөн Бейжиндин, / Учуучу тоосу жок эле, / Жыргалын көргөн Бейжиндин, / Жылуучу тоосу жок эле”.- / Тообу десе дөбөдөй, / Алмамбет абдан байкаса, / Тоо да эмес, дөбө эмес, / Кытайдан чыккан төрөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кан кудуктан Асанды алып келдирип, эки көзүн жылуусунда салдырып, мүрөктүн суусун куйдуруп айыктырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →