жылтыркан
- Мал жей турган көп жылдык жапайы чөптүн бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бетеге, шыбак, жылтыркан, / Беттеринде аралаш, / Адам жечү чөптөрү, / Алтай, чөйчөк, иленин, / Адырында көптөрү, / Кызыл-ала бүлдүргөн, / Жантайма боордун түптөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ына жел жетпей, / Оозуна бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу, / Каракашка аргымак, / Ысык жерде өскөн мал, / Жал куйругу бир кучак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айуу чач менен таракбаш, / Жылтыркан, шыбак аралаш, / Жылгасында буралган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бетеге менен айуу чач, / Көөдө менен кой шыбак, / Кара кыйак буудай баш, / Түлкү мурун, жылтыркан, / Күн чагылып кулпунган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →