жылтылдак

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жылт-жылт этип кубулган, жылтырап көрүнгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ү салынган, / Тулпарлыгы таанылган, / Текедей саны түрүлгөн, / Кош аңдан аттап түйүлгөн, / Баладай жаалы балкылдак, / Кулжадай башы кылтылдак, / Кундуздай жүнү жылтылдак, / Минип жүрсө, жөн баспас, / Ооздук тиштеп кыйгачтап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…кы кууган жоргодон, / Жыртылбаган торко тон, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши тийбеген, / Асый буура, минген төө, / Андайлардан көп келди, / Буулум келди жылтылдак, / Булгаары келди кыйчылдак, / Булгун ичик кулпурган, / Сүлөөсүн ичик сеңселген, / Көтөрүп келип жатышат, / Абышка кемпир бөкчөйгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шамдагай кыйын жылтылдак, / Бир жерде турбас кылтылдак, / Сары арстан атышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →