жылтылда

китептерде 76 жолу, 10 китепте
  1. Жылт-жылт этүү, жылт этип көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…данып хан Калдык, / «Такырбашты» кетирбей, / Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жер козголуп калтылдайт, / Алдында минген чабдар ат, / Алоолонуп алкылдайт, / Саадагы сары жез экен, / Көз уйалтып жалтылдайт, / Доолбасы кызыл мис, / Чымын тийсе зыңкылдайт, / Айбалта сабы күмүштөн, / Күн чагылса жылтылдайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…бүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бет алдынан караса, / Көзүнөн жалын учкундап, / Чакмак таштай жылтылдап, / Майлаган буудай жүздөнөт, / Күүгүм туман көздөнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Учуп кетет калкылдап, / Канаты күндөй жалтылдап, / Узарып барып токтолот, / Ай караңгы түндөрдө, / Күйгөн шамдай жылтылдап, / Келе жатат Желжетпес, / Жорголой басып кылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →