жылт

китептерде 46 жолу, 9 китепте
  1. Оттон, нурлуу, жылтырак ж.б. нерселерден аз гана же чукул гана жарык, нур, шоола көрүнө калышын, чагылышын же тез-тез кайта-кайта көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат.
  2. Кыймыл-аракеттин өтө тез же күтүлбөгөн жерден болушун билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балыктан бетер кылк эткен, / Сымаптай болуп, жылт эткен, / Айчүрөктөй амалдын, / Түбүнө билип ким жеткен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Милтеси бачым чоктолду, / Артып таштап салаңдап, / Атайын деп козголду, / Аңгычакты аккулжа, / Эңкейиш тартып жылт койду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө "канга учурашалы" деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →