жылмала
- Жылма тегиз абалга келтирүү, одуракай же быдырлуу, уңкул-чуңкул жерлерин тегиздеп жылмакай түргө келтирүү.
- Кандайдыр бир болгон ишти, айтылган кеп-сөздү так өзүндөй эмес, бир аз түзөп, сыпайылап башкачараак айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайды качырып, / Жыйырманы сайып жылмалап, / Чапкан чөптөй кыймалап, / Антип турган Бактыбай, / Аткарыдан кан кечип, / Эр карыдан жин кечип, / Батырлык кылган Бактыбай, / Келе жаткан манжудан, / Анча-м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шаарың менен жылмалап, / Чыгарайын тарпыңды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азыраак айтып жылмалап, / Кыркын баатыр жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таштап кетем дегениң - / Желмогуз келип эми эле, / Жылмаласын дегениң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тизеге чокмор чабылды, / Томугу канча жарылды, / Элебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →