жылмай
- Күлүмсүрөө, күлүмсүрөгөн кейипте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Далайдын жанын алыптыр, / Байлоодон Матан бошонуп, / Табына келген шумкардай, / Жылмайа түштү боштонуп, / Тартынбаган эр экен, / Ламанын турган тобуна, / Киргиси бар ат койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жердин бетин сыйпалап, / Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, / Күлүмсүрөп жылмайып, / Карап турду бир далай; / Бир мезгилде карасаң, / Кой оозунан чөп албас, / Коңур чечен Ажыбай: / — Эңкейип белиң бүгүлгөн, / Эңчелеңдеп жүгүнгөн, / Жайыңды айтчы, ким элең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эл чогулуп келгенде, / Барлык элди жылмайтып, / Жалмап болду бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…у болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Ийе, үйдөн жылмайды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →