жылма

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Бетинде быдыры, бүдүрү жок, тегиз, текши.
  2. Тегиз, баарысын, бүтүндөй, бүт бойдон.
  3. өт. Тымызын, астыртан, анчалык көзгө түшпөгүдөй, анчалык билине бербегендей иштелген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ун түгөтүп, / Хан Каракөз, Салаалар, / Кабагын бүркөп түнөрдү, / Мындан турган биз өлүп, / Испанда жаткан эл өлүп, / Эки тарап тең өлүп, / Өлүп атып түгөнүп, / Жылма болуп калбайлы, / Арабыздан бир киши, / Хан көтөрүп шайлайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лгыз Мажик көтөрдү, / Чогултуп баарын бир таңды, / Куйулма деген бар экен, / Көтөрүп Мажик алып барып, / Түргөн чий койуп кумду эшти, / Чийди тартып алганда, / Жылма тепсеп кум тепти, / Эртең менен кой жайып, / Шексиз кылып тепсетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…байт, / Түндүктөн келди түштүккө, / Сулуу кызды кубалап, / Сураганга бере албайт, / Сурасам кызды бербесе, / Кызды алып кеткенде, / Калган элдер кеп айтат: / — Жылма беттүү катынды, / Тартып алдың эринен, / Сени издеп тийем, деп, / Сулуу кыз келсе жеринен, / Сейитимге ал кызды, / Кармап бердиң неликтен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куу сакал Бакай, Каныкей, / Жылма катын Айчүрөк, / Ой Гүлчоро, жуукур кул, / Жетим бала Сейитек, / Эми мени айаба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жибермек болуп Кыйазга, / Жылмасынан жана издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →