жылкычы
- Жылкы кайтарган, жылкы баккан адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп жылмыйдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Калмакты карай чачтырып, / Тойгунча берип тамакты, / Балдарды койду жаткырып, / Уктабай жатып Жамгырчы, / Агарган таңды аткырып, / Күндүн мурду чыкпаста, / Жылкычыдан тогузду, / Туш-туш жакка чаптырып, / Туубай калган субайдан, / “Тагы жакшы түлөөгө, / Жубу жакшы эмес”, — деп, / Санап тогуз ат таптырып, / Керүүдө жаткан кырг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жылкычы менен койчулар, / Төөчү менен уйчулар, / Тойго келсин айтыңар, / Малчылар тойдон баргыча, / Кабар алсын малынан, / Кутубайдын баласы, / Кара дөөдөй алпыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эркинче басып кирчүэмес, / жылкычы, койчу кем таалай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга андан кийин уйчуга, төөчүгө, жылкычыга барат, алар да алып чыга албайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →