жылкы
- Күч унаа катарында пайдаланылуучу жал куйруктуу, сом туяк үй жаныбары, төрт түлүк малдын бир түрү.
- Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Индинин эли жете албайт, / Жылкысы жүнсүз бүт делбе, / Сыртка келсе кырылат, / Кайта үйүнө кете албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эси оогандай эндиреп, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сөзүн таппай темтиреп: / «Э, кагылайын, Канчоро, / Кайраты толук, эр чоро, / Экөөбүз бирге тууштук, / Жылкыны бирге кууштук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →