жылжы
- Жай, акырын жылып агуу, сызыла чыгуу (суу, суюктукка карата).
- Жылжып аккан күмүш булак сүйкүмдүү шылдырайт (Каимов).
- Абдан жай басуу, абдан жай жыла жүрүү, өтө жай, акырын жылган кыймыл-аракетте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төшү тулаң жырылган, / Арасы булак жылжыган,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ркөлүп, / Туман түшүп чүмкөлүп, / Күн бузулуп түмпүйүп, / Ачык асман, жер бүркөк, / Кимдер баатыр, ким коркок, / Мындай күндө билинет, / Кыбыладан жел жүрсө, / Жылжып туман сүрүлөт, / Салышкан эрдин зарпынан, / Жыртылган жердин тарпынан, / Топурак учуп созулат, / Мурункуга кошулат, / Жерге түшүп жай албай, / Обого чыгып кете…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тырым, / Бул күзгүнү карачы - / Күзгүнү карап эр Сыргак, / Жини келип эң чындап, / Башындагы малакай, / Жулуп алып ыргытты, / Алмамбетке алайып, / Ачуулу кебин жылжытты: / — Мен бузбайын көркүмдү, / Айланайын Алаке, / Кийбеймин мындай бөркүңдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жыргалдуу киши кептенип, / Жылжыган саздан каз уулап, / Жайдак атчан, жалаң тон, / Жалгыз жүргөн сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →